Токмокто социалдык шаарча, майыптарга жатакана жана лицей ачылды

Өкмөт мүчөсү ар тараптуу колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, үйлүү болгондорду куттуктады.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Токмок шаарында аялуу катмардагы үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой аялдар үчүн (104 үй-бүлө) социалдык шаарча, №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн эркектер жатаканасы жана 300 окуучуга ылайыкташкан "Аманат-Токмок" жаңы мектеп-лицейи ачылды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Имараттардын ачылыш салтанатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана демөөрчүлүк кылган уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өкмөт мүчөсү ар тараптуу колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, үйлүү болгондорду куттуктады. Мындан тышкары, ал өз сөзүндө өлкө калктын жашоо деңгээлин жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн максаттуу мамлекеттик саясатты жүргүзүп жатканына токтолду.

Көптөн күткөн майрам! Мектептерде өткөн салтанаттуу линейканын видеосу
Маалыматта социалдык шаарчада 104 үй-бүлө үчүн турак жай курулуп, эмерек жана турмуш-тиричилик техникасы менен жабдылган. 25 жумуш орду каралган тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт, азык-түлүк дүкөнү, балдар аянтчасы жана футболдук талаа, ошондой эле мечит курулган.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эркектер жатаканасы 75 адамга эсептелип, имаратта тургундар, дарыгерлер жана кызматкерлер үчүн бөлмөлөр, ашкана жана санитардык түйүндөр бар.

Ал эми "Аманат-Токмок" мектеп-лицейи — бул спорт залы, эки жатаканасы, ашканасы, устаканасы жана нан бышыруучу жайы бар эки кабаттуу окуу имараты. Бул жерде аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат. Учурда 11 класс толукталып, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө.