Кыргызстанда алгачкы жолу семетейчилердин республикалык сынагы өтөт

Катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлбайт. Алар билдирмени 22-сентябрга чейин Маданият министрлигинин имаратына барып тапшырышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы жолу семетейчилердин республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чара 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VI фестивалынын алкагында болмокчу.

"Сынактын максаты чыгармачылыктын кайталангыс жана өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле семетейчиликти аркалаган өнөр ээлерин коомчулукка таанытуу болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлбайт. Алар билдирмени 22-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү, 78 дарегиндеги министрликтин имаратындагы 3-кабинетке барып тапшырышы керек.

Сынактын шарт-талабы тууралуу кененирээк министрлик тараткан маалыматтан окуңуз.