Лавров: талибдердин бийлигин таанууга эч ким шашылган жок

Министр талибдер эң башкысы Афганистан менен чектешкен башка мамлекеттерге коркунуч жаралбашы үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп ишендиргенин кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Талибдердин бийлигин расмий таанууга эч ким шашылган жок. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

"Талибдердин бийлигин бир дагы мамлекет тааный элек. Бардыгы алар менен азыркы маселелер боюнча гана байланышуу керек деп жатат. Ириде коопсуздук, жарандардын укугун коргоо жана туура дипломатиялык миссияны түзүүнү камсыз кылуу маселеси турат. Талибдерди расмий түрдө таанууга азырынча эч ким шашкан жок", — деди Лавров.

Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды
Министр талибдер терроризм, наркотрафик менен каршы күрөшүү сыяктуу негизги максаттарын айтканын белгилеп, эң башкысы Афганистан менен чектешкен башка мамлекеттерге коркунуч жаралбашы үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп ишендиргенин кошумчалады. Лавров "Талибан"* кыймылы коңшу мамлекеттерде башаламандык уюштурбай, башкысы инклюзивдүү өкмөт түзүүнү убадалаганын айткан.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.