Нефтетрейдерлер бензиндин баасы боюнча жакынкы күндөргө прогноз берди

Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын бардык түрлөрү 50 тыйынга арзандады.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жакынкы арада бензин менен дизель майы кымбаттабайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдирди.

Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
Белгилей кетсек, жарым жыл ичинде күйүүчү майдын баасы 50-70 пайызга көтөрүлдү.

Россия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, 2021-жылы пошлинасыз 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы, 100 миң тонна авиакеросин, 50 миң тонна нефть берилиши керек. 1-сентябрга карата 62 миң тонна бензин, 145 миң тонна дизель майынын запасы калды.

Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын бардык түрлөрү 50 тыйынга арзандатылды.

"Нефтетрейдерлерде калкты үзгүлтүксүз камсыздап туруу үчүн күйүүчү майдын запасы 60 күндөн ашык убакытка жетет. Бул бааны көтөрбөй, бир калыпта кармап турууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Нефтетрейдерлер күйүүчү май ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө кымбаттап жатканын кошумчалады.