Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды

Жыйындын соңунда уюмдун өнүгүүсүнө жана ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Душанбе шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады. 

Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды

Жыйынга тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты.

"Жамааттык коопсуздуктун коркунуч жана чакырыктарына, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды да эске алып, биргелешип реакция кылуу чараларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, уюмдун өнүгүүсүнө жана ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

2021-2022-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Арменияга өтмөкчү.