Шаршемби күнү журналист Мелис Эшимкановду эскерүү иш-чарасы өтөт

Иш-чара 15-сентябрь күнү саат 11:00дө маркумдун "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү эстелигинин алдында өтөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Белгилүү журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимканов эскерилет. Бул туурасында журналисттин жубайы Асел Эшимканова билдирди.

Иш-чара 15-сентябрь күнү саат 11:00дө маркумдун "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү эстелигинин алдында өтөт.

"Журналистика чөйрөсүндөгү, чыгармачылыктагы ага-эжелер, кесиптеш-замандаштар, саясаттагы үзөңгүлөштөрү, жалпыңыздарды кайталангыс инсанды бирге эскерүүгө чакырабыз!" — деп кайрылды Эшимканова.

Эгемен Кыргызстандын журналистикасынын чыйыр салуучуларынын бири, калеми күчтүү журналист, саясатчы, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, азыркы кыргыз басма сөзүндө эмгектенген журналисттердин жоон тобунун устаты Мелис Эшимканов көзү тирүү болсо быйыл 59 жашка чыкмак. Ал мындан 10 жыл мурда жарык дүйнө менен кош айтышкан.