Шевченко менен Мерфинин кармашы. Букмекерлер кимге үмүт артып турат

Кезектеги турнирин Шевченко 25-сентябрда Лас-Вегас шаарында өткөрөт. Атаандашы 37 жаштагы Мерфи болмокчу, ал беш беттеште катары менен жеңишти камсыздап келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфи менен болгон беттеште талашсыз фаворит. Мындай пикирге букмекерлер келишти.

Валентина Шевченконун таймаштарындагы унутулгус ирмемдер. Видео
Жакын арада спортчу чемпиондук макамын сактоо үчүн кайрадан беттеш өткөрөт. Ал рингге америкалык Лорен Мерфи менен чыгат. Каршылашы беш мелдеште жеңишти катары менен камсыздап келе жатат.

Fonbet букмекердик конторасынын коэффициенттери: кыргызстандык спортчунун жеңишине — 1,06, америкалык мушкерге — 10,2. "Марафонбет" конторасынын көрсөткүчү башкачараак, бирок жалпысынан Шевченконун утуп чыгышына үмүт артышкан: 1,48 жана 10,75. Адатта айтылгандай эле коэффициенттер канчалык төмөн болсо жеңүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.