Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Кыргызстанда 13-сентябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болуп, республикада күндүн эң ысыган температурасы 32 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас облусунда +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +27...+32, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус  болот.

Борбор калаада күндүн табы +27...+29 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында термометр +30...+32 градусту көрсөтүп турат.