АКШ 11-сентябрдагы теракт боюнча жашыруун маалыматтарды жарыялады

2001-жылдын 11-сентябрында жан кечти террорчулар АКШда төрт учакты басып алып, имараттарга урунган. Анда үч миңден ашуун киши көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШнын Федералдык тергөө бюросу 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт боюнча президент Жозеф Байдендин жарлыгы менен ачыкка чыгарылган документтерди жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

2016-жылдын 4-апрелинен берки материал бюронун өкүлдөрү менен Сауд Аравиянын Лос-Анджелестеги консулдугунун кызматкеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен даярдалган. Аны алкагында ФБРдин агенттери ал кызматкерден учакты барымтага алган Наваф Аль-Хазми менен Халид Аль-Мидхарга жардам берген адамдар менен болгон байланышын сураган. Маек 2015-жылдын 12-13-ноябрында алынган.

Документ 16 беттен турат, айрым жерлерин алып салышкан. Маселен, Американын жарандыгын алууга аракет жасаган маалымат булагынын ким экени айтылбайт.

11-сентябрь. Теракт. Бейкүнөө өлүмдөр. Каргашанын жүрөк титиреткен сүрөттөрү
Буга чейин Байден шайлоо алдындагы убадаларынын бирин аткарган. Юстиция министрлигине жана тиешелүү мекемелерге документтердин ачыкка чыгарылган маалыматтарын жарыялоону тапшырган.

2001-жылы 11-сентябрда террорчулар АКШнын жүргүнчү ташыган учагын барымтага алышкан. Эки учакты Нью-Йорктогу Бүткүл дүйнөлүк соода борборуна багытташса, бирөө Пентагондун имаратын барып сүзмөк. Төртүнчү учак Пенсильвания штатындагы Шанксвилл шаарына жакын жердеги талаага кулап түшкөн.

Терактынын кесепетинен үч миңдей киши каза болгон. Кырсык болгон жерди жана имараттарды тазалоого сегиз ай кеткен. Бул терактыны "Аль-Каида" террордук тобу жасаганын моюндаган.