Бел боо күрөшүнүн дүйнө чемпионатында Нурданбек Курманбек уулу алтын алды. Сүрөт

Мелдеште кыргызстандык спортчу 50 килограммга чейинки салмакта каршылаштарынын баарын жеңип, дүйнөнүн чемпиону аталган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Татарстандын Мамадыш шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинен Кыргызстандын курама командасы олжолуу кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.

Спорттук иш-чара 5-7-сентябрда болуп, ага 15-17 жаштагы улан-кыздар катышкан.

"Анда Нурданбек Курманбек уулу 50 килограммга чейинки салмакта каршылаштарынын баарын жеңип, дүйнөнүн чемпиону аталса, 70 килограмм салмакта күрөшкөн Феруза Курстанбек кызы күмүш медалдын ээси болду", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Канзатбек Мустапакул уулу 85 килограмм салмакта күрөшүп, коло медаль тагынган.