БШК шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын жарыялады

Кыз шайлоо участкасында добуш берип жатат. Архив
Жогорку Кеңешке шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген. Депутаттык мандат үчүн 75 партия ат салышмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасын жана чек араларын жарыялаганын кабарлады.

Мыйзамдарга ылайык, шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар эске алынды:

  • шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
  • шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.

Кишенчен адам. Архив
550 миң доллар алган. УКМК коррупцияга шектүү деп БШК мүчөсүн кармады
Эреже катары республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК мамлекеттик органдардын маалыматтарына таянды.

Облустар боюнча шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын БШКнын сайтынан көрүүгө болот.