Өткөн суткада 12 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделди

Коронавируска каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 12 409 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Кечээтен бери эмделгендердин ичинен 5 913 киши биринчи дозасын алса, 6 496 адам вакцинанын экинчи компонентин сайдырган.

Жалпысынан 731 693 киши коронавирустун биринчи дозасы менен эмделди. 518 257 адам экинчи дозасын алып толугу менен вакцинацияланды. 

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.