Европа россиялык газдан баш тарта алабы? Сереп

Европада көгүлтүр оттун кескин кымбатташына Россиянын тиешеси барбы? ЕБ жашыл экономикага өтүүгө чамынса, "Түндүк агым – 2" майнаптуу болобу? Эксперт ушулар туурасындагы ойлорунан бөлүштү.
Sputnik

Sputnik. "Түндүк агым – 2" газопроводунун экинчи өтмөгүнүн акыркы түтүгү Балтика деңизинин түбүнө жаткырылды. Бул туурасында 6-сентябрда долбоордун оператору Nord Stream 2 AG компаниясы маалымдады.

Ал эми 9-сентябрда фьючерстик рынокто тарыхый рекорд коюлду. Тооруктун бүтүндөй тарыхында алгач ирет газдын миң куб метринин баасы 700 долларды чапчыды.

"Түндүк агым – 2нин" ишке берилиши Европадагы тынымсыз өсүп жаткан газдын баасына кандай таасир этет? Эмнеликтен "Газпром" европалыктар жылытуу сезонуна көгүлтүр от корунун жетишсиздигинен чочулап турган маалда ЕБ рыногуна жөнөтүлгөн газдын көлөмүн көбөйтпөйт?

РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Игорь Юшков YouTube каналыбызга курган маегинде Россиянын энергетикалык стратегиясынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Бул материалда маектин урунттуу учурларынан келтирдик.

Эмнеге Норвегияны эмес, Россияны айыпташат?

Европада газга болгон октябрдык фьючерс 9-сентябрда тарыхта биринчи ирет миң куб метрине 700 доллардан ашты. Бир ай оболу эле көгүлтүр отко фьючерс ушундай эле өлчөмгө – 550 доллар, майдын ортосунда 373 долларды түзгөн.

Европалык газ сатуучулар кырдаалды "акылга сыйгыс" деп атоодо. Ал эми бир катар европалык жалпыга маалымдоо каражаттары баа жарышын "Газпромдун" тымызын иштери деп сыпаттап жатышат. Бирок мындай жөнсүз пикирдин да туура түшүндүрмөсү бар деп эсептейт Игорь Юшков.

"Азияда баа мындан да кымбат, –  дейт ал. – Кытай газды керектөөнүн көлөмүн көбөйтүүдө. Ири керектөөчүлөр: Япония, Түштүк Корея да бар. Башкача айтканда, бүтүндөй суюлтулган жаратылыш газы толугу менен Азияга кетүүдө.

Суюлтулган табигый газды өндүрүүчүлөр, албетте, көп пайда тапкысы келет, ошондуктан 2021-жыл бою ири партиялар азиялык рынокторго агылып турду.

"Пакистан агымы". Россия түштүккө багыт алды
Эгер Европа суюлтулган жаратылыш газынын кошумча көлөмүнө зарылып турса, албетте, ага да орточо Азиядагыдай эле баада сунушталат деп түшүндүрөт Юшков. Ал эми Россия апрель айынан ушул күнгө дейре газдын бирдей эле көлөмүн берүүдө.

"Россияны вентилди бууп, Европага шантаж жасоодо деген айып тагылууда, дегеле мындайды биз чет өлкөлүк маалымат каражаттарынан тынбай тыңдап келет эмеспизби. Бирок жагдай андай эмес, – дейт Игорь Юшков. – Түтүк аркылуу газ берчүлөрдүн башкаларын да кароого болот. Ошол эле Норвегияда көгүлтүр отту казуунун көлөмү төрт жыл катары менен төмөндөп жатты. Ал газды көбүрөөк суюлтуп, Азияга жөнөтүүгө ашыгат".

Алжир да ички керектөөнүн көбөйүшүнөн улам газды азыраак экспорттой баштаганын мисал келтирген эксперт: "Эмнеге анда Россияга доомат коюлат? Европалыктар өздөрү экономикалык жактан туура акыл калчап, бирок мекенчилдиктен четтөөдө", – деп суроо салат.

Мындан сырткары, трейдерлер кеп кылган газдын кымбаттыгы голландиялык биржада коюлган бааларды туюндурат. Ал эми бул негизинен суюлтулган жаратылыш газ рыногундагы абалды чагылдырат.

Германиянын биржасы андан айырмаланат, баалар россиялык түтүк аркылуу газ берүүгө таасир этет, ошондуктан алар төмөн баада. Бул факторлордун баарын эсепке алуу абзелдигин белгилейт Игорь Юшков.

Украинанын пайда таап алышына Россия эмнеге шарт түзүшү керек?

Эксперт трейдерлер Европанын жер төлөөлөрүндөгү газ сактагычтардагы газдын кору аз деп да түйшөлүүдө. "Бирок эмнеге мындай болуп калды? Эмне үчүн кышка камылга көрүшкөн эмес? – деп ой жооруйт Юшков. – Кантсе да баа бир жыл аралыгында улам өсүп отурган. Ишканалар: азыр миң куб метрин 400 доллардан сатып алсам, кышында баа 300 долларга түшүп кетсе, зыян тартып калам деген ойдо болушкан. Анан 500гө чыкты, дал ушул баанын жеткен чеги! Азыр да ушул кайталанууда. Жер төлөөлөрдөгү сактагычтарга газ толтурууга даай албай, кышында азыркыдан арзандап кетсечи деген ойдо жүрүшөт".

Анан да көптөгөн өлкөлөр быйыл газды сактоочу жайлардан алып чыгып, учурдагы керектөө үчүн сатышты. Себеби 2020-жыл таптакыр бөтөнчө мезгил болбодубу дейт Игорь Юшков. Рынокто баа өтө төмөн: миң куб метрине 100 доллардан ылдый болуп турду.

Украина Европа аркылуу "Газпромго" чабуул койду
"Албетте, кышкысын Европа тоңуп калбайт, бирок Россиядан газ алуу боюнча кошумча кубаттуулук керектелет, – деген ойдо эксперт. – Россия – газ казуунун, экспорттоонун көлөмүн өстүрө алчу дээрлик жалгыз түтүк аркылуу жеткирүүчү өлкө. Мында Россияга "Түндүк агым – 2" Европа үчүн кошумча көлөмдү кирешелүү сордурууга жол ачат".

Ушул тапта "Газпромго" көлөмдү көбөйтүү пайдасыздыгын айтат Юшков. "Украиналык багыттан башка бардык маршруттар толук кубаттуулукта иш жүргүзүүдө, - деп түшүндүрөт ал. – Эгер "Газпром" Украина аркылуу көлөмдү келишимдегиден ашырса, жогорулатылган коэффициент кошулат, толтуруу тарифи ансыз да кымбат. Тандоо маселеси коюлат: газды түтүктөргө көбүрөөк толтуруп, бул үчүн кошумча акы төлөп, анан да Европадагы баанын азайтуу керекпи же ишти мурункудай эле улантуу керекпи?". Биринчи варианттын экономикалык маңызы жоктугун белгилейт эксперт. "Россия ансыз деле узак мөөнөттүү келишимдерин так аткарып келет. Ал эми кошумча көлөмдү берүүдө үстөк кирешенин баары украиналык операторго тиет, анткени ага жогорулатылган транзитке акы төлөө шарт", - деп чечмелейт Юшков.

Жашыл экономика азыр арсарбы?

"Түндүк агым – 2" ишке берилгенде Россия кошумча көлөмдү эч көйгөйсүз бере аларын айтат Игорь Юшков.

"Биринчиден, ал толугу менен "Газпромго" таандык, башкача айтканда, өзүнүн канатындагы компанияга төлөп берүү керек, – деп түшүндүрөт ал. – Экинчиден, Ямалдан Германияга чейинки аралык Украина аркылуу маршрутка караганда 1800 чакырымга кыскараак. Мында "Газпром" азыраак кубаттуулук да сарптайт. Бул – экономикалык көз караштан алып караганда эң майнаптуу ыкма".

Жашыл экономиканын өнүгүшү "Түндүк агым – 2" долбооруна терс таасир этиши мүмкүн экенин белгилейт Юшков.

Эксперттин баамында, Европа 2050-жылга чейин казып алуучу кубаттуулуктун бардык булактарынан баш тартууга тийиш. Бирок Европа биримдиги азыр "жашыл келишимге" салган инвестициялар жетишсиз. Аларды алда канча көбөйтүү абзел.

Россия америкалык рынокторду ээлөөдө
"Ал эми бул кыйла татаал, себеби натыйжада баарына керектөөчү төлөйт, ал эми Европада электр кубаты ансыз да бир топ кымбат, – дейт Игорь Юшков. – Европа көздөгөнүнөн кайтпайт, бирок максаттарын ишке ашыруу мөөнөтү жылышы ыктымал. Менимче, дагы ондогон жылдар бою көгүлтүр отко талап күч болот".

Булардан тышкары, Россия энергетика жаатындагы жаңы көрүнүштөргө көз салат. Европа суутекке өткүсү келсе, ал табигый газдан өндүрүлөрүн эске салат Игорь Юшков.

"Ошондо Россия суутекти өндүрө алат, - деп эсептейт ал. – Ошол эле "Түндүк агым – 2" аркылуу аны жөнөтүүгө болот. Башта, балким, газ түтүгүн заманга бапташтыруу керек болор. Европалыктар газ-суутек аралашмасын пайдалангандагы өткөөл мезгилден кеп салууда. Анда газ түтүгүн заманбапташтырбай туруп деле газга 30%га чейин суутек кошуп берүүгө болот. Андан ары заманга ылайыктоого болот, бул деле техникалык жактан кол жеткис нерсе эмес. Бузулбай тургандай кылып газ түтүгүн атайын тазалап чыгуу абзел".

Кептин баары европалыктар пландарын жарыялап, бирок суутек рыногунун өзү жоктугунда экенин билдирет Игорь Юшков. "Эч ким суутекти көп көлөмдө өндүрбөйт. Алдыда жылытуу сезону турат, ал европалык саясаттын бардык акылга сыйбас тарабын көзгө сайып көрсөтүүдө. Адегенде "Газпромду" хабдарга байланыштырып баа түзүү келишимдеринин баарына кол коюуга аргасыз кылышты, ал эми мунай баасынан көз каранды газ жарым-жартылай аз. Европалыктар өздөрү баштаган энергетикалык стратегиянын эле айласын таппай туру", — деп жыйынтыктайт кебин эксперт.

Маекти толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар: