ИИМ активист Орозайым Нарматова бошотулганын кабарлады

ИИМ бул маалыматында милиция активистти күбө катары суракка алуу үчүн кармаганын айтууда. Бирок кайсы иш боюнча экенин ачыктаган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Нарматова ИИМдин Тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алып келингени белгиленет.

“Азыркы тапта ачылган соттук өндүрүш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Орозайым Нарматова бул иште күбө катары өтүүдө. Тийиштүү тергөө иш-чаралары бүткөндөн кийин ал бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек
Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ Нарматова өлкө жетекчилигин негизсиз сындап, ошондой эле регионалдык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаганы үчүн кармалганын билдирген. Бирок ИИМдин акыркы берген маалыматында ал күбө катары сурак бергени айтылды. Бирок кайсы иш боюнча экенин так жазган эмес.

Орозайым Нарматова 10-сентябрда таңга маал Москвага кетип жаткан жеринен “Ош” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкекке унаа менен алып келинген. Бул коомчулукта катуу нааразычылыкты жаратып, укук коргоо органдарынын мындай кадамын сындагандар көп болду.

Активист 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен катышып, алдыңкы ондукка кирген. Көп жылдан бери Россияда эмгек мигранты катары иштейт.