Россиядагы мекендештер министр Казакбаевден бир нече көйгөйдү чечүүнү өтүндү

Министр өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө коомдук уюмдардын жана активисттердин салымы зор экенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы коомдук бирикмелердин, бизнес-ассоциациялардын, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана мекендештер менен видеожыйын өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда негизинен Россиянын бардык шаарларында жашап-иштеген кыргызстандыктардын актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланган.

"Министр өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө коомдук уюмдардын жана активисттердин салымы зор экенин белгиледи. Ошондой эле коронавирус илдети менен күрөшүүдө жардам берген мекендештерге ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Казакбаев жыйындын катышуучуларына президенттин "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө", "Жеке адамдын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө репатриациялоо тартиби жөнүндө" жарлыктарынын аткарылышы тууралуу кеңири маалымат берген.

Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт
Мындан сырткары, Россияда мекендештердин санынын көптүгүн белгилеп, аларды 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бир катар суроолорду берип, ошондой эле элчиликтин жана башкы консулдуктардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышкан.

"Жүк-200дү жеткирүү, консулдук мекемелердин кызматкерлеринин санын көбөйтүү, чартердик каттамдардын географиясын жана жыштыгын кеңейтүү, "Мекен-кардды" киргизүү, "кара тизме" көйгөйү жана башка маселелер талкууланды. Министр мигранттарды Россиянын мыйзамдарын, үрп-адатын жана тартибин сактоого чакырып, "кара тизмеден" чыгаруу жана бул чараны айыпка же башка анча катаал эмес административдик чараларга алмаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр улана турганын айткан", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу боюнча иштер ЕАЭБдин алкагында эки жана көп тараптуу форматта улана турганын белгилеген.

Мекендештердин кайрылуулары министр Руслан Казакбаев тарабынан көзөмөлгө алынганы кошумчаланды.