Кыргызстандан чыккан инвестиция өлкөгө кирген каражаттын көлөмүнөн ашты

Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанга инвестициянын көбү Кытай, Түркия, Нидерланд жана Улуу Британиядан келген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. 2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу чет өлкөдөн келген түз инвестициянын көлөмү эки эсеге көбөйгөнү менен чыккан каражат андан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ага ылайык, аталган убакта 321 миллион долларлык инвестиция келген. Ошол эле учурда быйылкы жылдын биринчи жарымында чет өлкөлүк түз инвестициянын чыгып кетүү агымы 9,2 пайызга кыскарып, 548,2 миллион долларды түздү. Муну менен өлкөдөн чыгарылган инвестиция келгенинен 227,0 миллионго долларга көп экени белгилүү болду.

БАЭден келген компания күн электр станцияларына инвестиция салууга ниеттенүүдө
Түз келген чет өлкөлүк инвестициянын негизги көлөмү (97 пайыздан ашыгы) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Каражаттын көбү Кытайдан (31,8 пайыз), Түркиядан (19,35), Нидерланддан (11,4) жана Улуу Британиядан (10,1) салынып, Жалал-Абад, Чүй облустарына жана Бишкек шаарына көбүрөөк инвестицияланган.

Ал эми чыккан инвестициянын ири үлүшү Канадага (49,5 пайызы), Кытайга (29,8 ), Улуу Британияга (3,2 ) жана Түркияга (3,0) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө чыккан инвестиция 2,5 пайызга төмөндөгөн, бул агымдын Казакстанга кыскарышынан (3,7 эсеге) болгон. Ошол эле учурда Россияга инвестициянын көлөмү 1,3 эсеге көбөйгөн.