БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети экспорттук пошлинасыз берилүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча Россиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 3-сентябрда Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун продукцияларына экспорттук бажы алымынын колдонулушуна байланыштуу бензиндин литри 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн деген божомолун айткан.
Учурда берилүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Муну менен катар министрлик бензиндин наркы бир катар кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда арзан экенин белгиледи.
Буга чейин нефтетрейдерлердин дагы бир бирикмеси (ассоциациясы) Россия өкмөтү сентябрь айына 19,3 долларлык пошлина бекиткенин, сом менен эсептегенде литрине 1,58-1,6 сом айырма болорун билдирген.