БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте ишкер аялдарга арналган Buyfromwomenkg.com платформасынын презентациясы өттү. Бул тууралуу "Аялдар арасындагы ишкерликти өнүктүрүү фонду" коомдук бирикмеси билдирди.
Buyfromwomenkg.com сайтында бизнес менен алектенген аялдардын маалымат базасы камтылат. Максаты — аял-ишкерлердин товарынын сатылышын көбөйтүү. Эми өз ишин өнүктүрүп жаткан ар бир аял сайтка каттала алат.
Учурда платформага 1000ден ашык ишкер аял катталган. Мындан сырткары, ЭКСПО-2021 долбоорунун алкагында аймактагы аялдар үчүн Dragon Den платформасы көрсөтүлдү.
"Аялдардан сатып ал" долбоорунун координатору Жылдызай Турдубекова онлайн-платформа ишкерлик менен алектенген аялдардын бирикмеси болуп каларын айтты.
"Бул платформадан аялдар өзүнүн бизнесин электрондук коммерция аркылуу өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат", — деди ал.
Презентация жарманке менен башталды. Анда Кыргызстандын бардык облустарындагы ишкер аялдардын продукциялары сатылды.
Иш-чара "Аялдардан сатып ал" улуттук кампаниясынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп саналат.