Чек ара кызматы сентябрдын соңунда пакистандыктардын көбү чыгып кетерин болжоду

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын соңунда, августтун башында Кыргызстанга пакистандыктар көп келе баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Сентябрдын соңунда Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Нурланбек Жалбиев билдирди.

Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети "Манас" эл аралык аэропортунун иши боюнча маселени карады. Талкуу учурунда пакистандыктардын көбөйүп жатканы жөнүндө дагы кеп козголду.

"Июль айынын соңунда, августтун башында Пакистандын жарандары көп келе баштады. 1-сентябрдан тарта алар кайра кете башташты. Эгер статистиканы алып карай турган болсок, 1-5-сентябрда Кыргызстанга Пакистандын 532 жараны келип, 1 596сы чыгып кетти", — деди Жалбиев.

Чек ара көзөмөлдөө башкармалыгы Кыргызстанга кирүүнүн мыйзамдуулугун карап жатканын айткан Жалбиев пакистандыктардын туристтик визасы бар экенин кошумчалады.

"Биздин оюбузча, келген пакистандыктардын көбү чыгып кетет. Себеби алардын бир айлык мөөнөтү бүтүп баратат. Статистика алардын көбү кетип жатканын көрсөтүүдө", — деди ал.

Чек ара кызматынын өкүлү Пакистандын жарандары өлкөгө мыйзамдуу кирип жатканын жана аларды кармоого негиз жок экенин айтты.

Пакистандын жарандары боюнча кырдаал

Буга чейин соцтармактар менен ЖМКлар өлкөдө Пакистандын жарандарынын саны көбөйүп кеткенин, айрыкча алардын көбү Ысык-Көлдө жүргөнүн жазышкан. Ал эми ТИМ чет өлкөлүктөр Кыргызстанга транзит менен келгенин, алар өлкө аркылуу БАЭ менен Сауд Аравияга иштегени кетерин маалымдаган. Буга алардын өз өлкөлөрүндө түз каттамдын жоктугу себеп болгон.

ТИМдин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын башынан 1-сентябрга чейин Кыргызстандын визасын 10 миң пакистандык алган. Жакында эле Индия менен Пакистандын жарандарына виза берүү токтотулду.