Ысык-Көлдө миңдей адам катышкан ЖККУ күчтөрүнүн машыгуусу башталды

Аскердик машыгууга жалпысынан миңден ашуун адам тартылган. Мындан сырткары, 150 даана аскердик, анын ичинде авиациялык техника бар.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш салтанат "Эдельвейс" аскердик окуу борборунда өттү.

Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи.

ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи.

Кыргызстанда эртең башталчу ири машыгууга тажик аскерлери катышпайт
Машыгууга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик күчтөрү жана ыкчам топтору, Кыргызстандын ИИМ, ӨКМ, жана УКМКнын Чек ара кызматынын атайын бөлүктөрү катышууда.

Жалпысынан 1000ден ашуун адам, 150 даана аскердик жана атайын техника тартылган, анын ичинде бир нече ракеталык системалар, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы бар.

Иш-чаранын катышуучулары ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу үчүн Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн согуштук аракеттерди даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча иштерди жүргүзөт.