Бишкекте катуу сабалган келин эсине келбей ооруканада көз жумду

Кылмышка шектүү катары маркумдун чогуу жашаган адамы кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өз батиринде сабалган 40 жаштагы бишкектик келин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

26-августта милицияга О.С. аттуу 40 жаштагы аял башы жарылып, кабыргасы сынып, ар кандай жаракаттары менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна түшкөнү тууралуу маалымат келген. Жабырлануучу өзүнө келе албай, ооруканада үзүлгөн.

 

Бишкекте катуу сабалган келин эсине келбей ооруканада көз жумду

Милиционерлер маркумдун төртүнчү кичи райондогу батиринде чогуу жашаган кишиси менен чырдашкандыгын аныктады.

 

"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү ("Денеге байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган 50 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.