ЖМК: талибдер Кабулда антипакистандык акцияга чыккандарды таратуу үчүн ок чыгарды

Афган эли Пакистандын ведомство аралык чалгын жетекчиси Фаиз Хамиддин талибдердин чакыруусу менен келгенине нааразы болуп, көчөгө чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кабулда талибдер антипакистандык акциянын катышуучуларын кууп таратыш үчүн ата баштады. Бул туурасында РИА Новости "Франс Пресс" агенттигине шилтеме берип жазды.

Буга чейин шейшемби күнү борбор калаада афганистандыктар Кабулга Пакистандын ведомство аралык чалгын жетекчиси Фаиз Хамиддин талибдердин чакыруусу менен келгенине нааразы болуп, каршы чыккан. РИА Новостиге акциянын катышуучуларынын бири нааразылык Кабулдан түндүктү көздөй созулуп, Пакистан элчилигинин имаратына чейин жеткендигин айтышты.

"Талибан"* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид өлкө "кризистен жаңы гана чыкты" деген пикирин айтып, Афганистандын элин нааразылык акцияларынан, демонстрациялардан алыс болуп турууга чакырган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Афганистандагы аялдар канткенде окуп жана иштей алат. Талибдердин талабы
Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан. Учурда маалымат талаасында Панжшердеги талибдер менен каршылык көрсөтүүчү күчтөр боюнча эки жактуу кабарлар айтылууда.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.