Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келди

Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок июль айынын соңунда райондук сот саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга Россиядан автоунаа менен кайтып келди. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, Бабановго операция жасалган. Дарыгерлер учакка түшүүгө тыюу салгандыктан машина менен кайтууга туура келген.

"Өмүрбек Бабанов учурда үйүндө дарылануусун улантып жатат", — дешти жакындары.

Эске салсак, Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык аракеттерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок июль айынын соңунда райондук сот саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берилген.