Диетолог кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүчү азыктарды атады

Адис балыктын эти, буурчак өсүмдүктөрүн тамакка кошууну, мындан сырткары, көк чай ичип, мөмө-жемиш жегенди сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Гликемиялык индекси (көрсөткүчү) төмөн болгон азыктар кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөт. Бул тууралуу россиялык диетолог Гизем Гермюш билдиргенин "Известия" жазды.

Дарыгер балыктын этин сунуштаган. Омега-3 көп болгондуктан аны рационго сөзсүз кошуу керек. Диетолог балыкты аптасына үч жолу жеп туруу жетиштүү деп эсептейт.

Мындан тышкары, ал буурчак өсүмдүктөрүн тамакка кошууну сунуштаган. Анда кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөөдө маанилүү роль ойногон клетчатка көп.

Холестериндин деңгээлин дары-дармеги жок азайтуунун жөнөкөй жолу айтылды
Кандагы канттын деңгээлин түшүрүүгө көк чай да жардам берери айтылды. Бирок аны кумшекер кошпостон ичүү зарыл. Диетолог мөмө-жемиш жеп, ошондой эле тамакка жумуртка аралаштырууга чакырган.

Гликемиялык индекс деген тигил же бул азыктын организмден бөлүнүп глюкозага айланган ылдамдыгынын көрсөткүчү болуп саналат. Бөлүнүү канчалык бат болсо, азыктагы бул көрсөткүч ошончолук бийик болот.