Апта ирмеми: учарда жарылган ракетадан мал кайтарган иттердин таймашына чейин

Sputnik

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад болду.

Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында мектептер жарым-жартылай ачылды.

Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду улуттук команданын сабында гол киргизген көрсөткүч боюнча дүйнөдө рекорд жаңыртты. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Буга чейинки рекорд Ирандын экс-форварды Али Даеиге таандык болгон (109 гол).

Пекинде (Кытай) мода жумалыгы учурунда Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсү өттү.

Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды.

Владивостокто (Россия) Чыгыш экономикалык форуму өттү.

Көптөн күткөн оюн! Кыргызстан — Палестина футбол беттешинен 16 сүрөт
Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда (Семенов капчыгайы) салтка айланган "Салбуурун" мергенчилик фестивалы болду.

Италияда эл аралык 78-Венеция кинофестивалы салтанаттуу ачылды.

Россиянын Подмосковье аймагындагы "Алабино" полигонунда "Танк биатлону-2021" жарышынын финалы жыйынтыкталды. Экинчи дивизиондо ат салышкан Кыргызстандын танкисттери эстафеталык жарышты 2 саат 16 мүнөт жана 51 секундада басып өтүп чемпион болушту.

АКШнын Юта штатында "Койчу иттин сынагы" фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат.

Бишкекте футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында Кыргызстан менен Палестина курама командалары беттешти. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды.

АКШдагы мексикалык булуңдун жээгинде Ида бороону болду. Андан 58 киши каза тапты. Мерт кеткендердин 23ү Нью-Джерси, 16сы Нью-Йорктон жана 11 адам Луизианадан. Мындан сырткары, Миссисипи, Алабама, Пенсильвания, Мэриленд жана Коннектикут штаттарында сегиз адам каза болгон.

1 / 22
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик парадга чыккан Т-72 танкалары
Аскердик парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМдин аскерлери жана милиция кызматкерлери катышты. Катышуучулардын жалпы саны эки миң адамды түздү
2 / 22
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салюттар атылды.
Миңдеген шаардыктар жана шаардын коноктору фейерверкти көрүүгө чогулушту. Мунун алдында аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү
3 / 22
Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Ирландиянын дарбазасына киргизген голун майрамдап жаткан чагы. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Муну менен оюнчу улуттук команданын сабында гол киргизүү көрсөткүчү боюнча Ирандын экс-форварды Али Даеинин рекордун (109гол) жаңылап, аны артта калтырды
4 / 22
Москва зоопаркындагы пеликан куштары
5 / 22
Москвадагы (Россия) Революция аянтында өткөн "Цветочный джем" фестивалында сүрөткө түшүп жаткан кыз
6 / 22
Индиянын Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында жарым-жартылай ачылган мектептин мугалими окуучулардын дене табын текшерип жатат
7 / 22
Пекинде (Кытай) өткөн Мода жумалыгындагы Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсүндө артист кыз бийлеп жатат
8 / 22
Гонконгдун Water World Ocean Park деген жаңы туристтик аймагындагы аттракционго түшүп жаткан кыз
9 / 22
Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды. Компания билдиргендей, асманга көтөрүлгөн биринчи фазада жабдуулар талаптагыдай иштебей, анын айынан ракета кыйроого учураган. Кырсыктан эч ким жабыр тартпаганы белгиленди
10 / 22
Россиянын президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы пленардык отурумда
11 / 22
АКШнын Луизиана штатынын Гранд-Айле аймагында болгон Ида бороонунан улам жабыркаган үйүндөгү таштандыларды ыргытып жаткан киши
12 / 22
Кырчын жайлоосунда (Семёнов капчыгайы) салт катары өтүүчү "Салбуурун" мергенчилер фестивалынын катышуучусу
13 / 22
Нидерланддык Марлен ван Гансевинкель Токиодогу Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча аялдар арасында 200 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдештин финалында
14 / 22
Полиция кызматкерлери жээкте эс алып жаткан кыз менен сүйлөшүп жатышат (Мельбурн)
15 / 22
Модель Барбара Палвин эл аралык 78-Венеция кинофестивалында "Расмий конкурс" (Competencia oficial) тасмасынын кызыл килеминде турат
16 / 22
АКШнын Юта штатында "Койчу иттин сынагы" ("Испытание овчарки") фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат
17 / 22
Велосипедчен киши Кабулдун көчөлөрүн көзөмөл кылган талибдердин колоннасынын жанынан өтүп бара жатат
18 / 22
Владивостокто (Россия) өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагында талантын тартуулаган бийчилер тобу "Камчатка" павильонунун жанында турат
19 / 22
Испаниянын Альканар шаарында болгон суу ташкындан кийинки көрүнүш. Катуу нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдөгү суу дарыяга айланган. Шар агым калаадагы унааларды, эмеректерди жана тамырынан бери жулунган дарактарды агызып кеткен. Бийик имараттардын астыңкы кабаттары сууга толгон
20 / 22
Кыргызстандык аскер кызматкерлеринин командасынын Т-72В3 танкасы Москва облусунун "Алабино" полигонунда өткөн "Танк биатлону-2021" мелдешинин финалындагы сүрөтү.
Кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап, экинчи дивизиондун чемпиону болушту. Экинчиде Тажикстан, андан кийин Мьянма жана Түштүк Осетия жайгашты. Келерки жылы Кыргызстан биринчи дивизиондогу күчтүү курама командалар менен таймашат
21 / 22
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Бишкекте өткөн "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдештин алкагында Кыргызстан менен Палестина беттешинде топ талашып жаткан учуру. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстан 7-сентябрда мелдештин алкагында Бангладеш менен кездешет
22 / 22
Токионун Улуттук Олимпиада стадионунда өткөн XVI жайкы Паралимпиадалык оюндардын салтанаттуу жабылыш аземинде атылган салют. Мелдеште медаль алуу боюнча жалпы командалык эсепте Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, жеңүүчү болду. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчү орунду АКШ (37-36-31) ээледи. Россия бул жарышта төртүнчү болуп калды.