Токиодо Паралимпиада оюндары жыйынтыкталды

Салтанат көрүүчүлөрсүз өтүүдө. Паралимпиада 24-августта башталып, 5-сентябрга чейин созулду. Парадга 162 курама жана качкындар командасынын атлеттери катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ушул тапта Токиодо XVI жайкы Паралимпиада оюндарынын расмий жабылышы жүрүп жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында белгиленет.

Салтанат көрүүчүлөрсүз өтүүдө. Паралимпиада 24-августта башталып, 5-сентябрга чейин созулду. Парадга 162 курама жана качкындар командасынын атлеттери катышууда.

Медалдар боюнча Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, биринчи орунду ээледи. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчүдө АКШ (37-36-31) турат.

Көздөн жаш атып, кыйкыра чуркап. Кыргызстандык танкачылардын чемпион болгон видеосу
Россиянын Паралимпиадалык курама командасы төртүнчү сапта (36, 33, 49) калды.

Кыргызстандан аталган мелдешке парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы жана ядро ыргытуунун чебери Арыстанбек Базаркулов катышты.

Дзюдочу кыз 28-августта килемге чыгып, казакстандык Даяна Федосовага жеңилип мелдешин жыйынтыктаган. Ал эми Базаркулов 4-сентябрда таймашка чыгып, ядрону 7,92 метр аралыкка ыргыткан. Бул көрсөткүч медаль утканга жетиштүү болгон эмес.