Танк биатлонунда чемпион болгон кыргызстандык аскерлер сыйланды. Сүрөт

Кыргызстандык танкачылар экинчи дивизиондун чемпиону болушту. Келерки жылы алар биринчи дивизионго өтүп, мыктылар менен ат салышат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. "Патриот" аймагындагы Армения эл аралык оюндарынын музейинде Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлерин сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргонуу министрлиги кабарлады.

Көздөн жаш атып, кыйкыра чуркап. Кыргызстандык танкачылардын чемпион болгон видеосу
Кечээ, 3-августта, кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундда жыйынтыктап чемпион аталды. Экинчи орунду Тажикстан (2:20:03), үчүнчүнү Мьянма (2:28:05), төртүнчүнү Түштүк Осетия (2:29:06) алды.

Келерки жылы Кыргызстан эң күчтүү командалар топтолгон биринчи дивизиондо ат салышмакчы. Экинчи дивизиондун жеңүүчүлөрүнө кубокту РФтин Кургактагы аскерлеринин колбашчысы Олег Салюков тапшырды.

Бүгүн биринчи дивизиондун финалдык эстафетасы өтөт. Башкы кубок үчүн Азербайжан, Кытай, Казакстан жана Россия ат салышат.