Кыргызстан чемпион болгон "Танк биатлонундагы" өзгөчө ирмемдер. Видео

Кыргызстандык аскерлер кечээ Танк биатлонунун экинчи дивизионунда марага чыгып, жеңип алды. Бул сапар финалдагы өзгөчө учурларды тартуулайбыз.
Sputnik

Танк биатлону адаттагыдай эле күчтүүлөрдү, мыкты көзгө атарларды, шамдагайларды сынап, "Алабино" полигонунда өттү. Соңку эстафета-таймашка Кыргызстандан сырткары Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетия командалары катышты.

Жарышта ар бир танк экипажы төрт айлампа жасап, тоскоолдуктарды багынтып, бутаны атып жана отту аралап өтүштү. Аскерлер көзгө атарлык чеберчилигин танка жүрүп бара жатканда пушка менен сынашты. Ал эми токтоп турганда жупташкан жана зениттик пулемёттон атышты. Жарышка ар бир командадан үч экипаж катышты. Бир танкада экипажды алмаштырган дагы бир адис отурду. 

Кыргызстан чемпион болгон "Танк биатлонундагы" өзгөчө ирмемдер. Видео

Кыргызстан марага 2 саат 16 минут 51 секундада келди. Ал эми атаандаш болгон Тажикстан командасы кыргыз аскерлеринен 3 мүнөт 13 секунд артта калды. Мьянмалык танкачылар коло медалга ээ болуп, марага 2 саат 28 минут 5 секундада келди. Төртүнчү орун Түштүк Осетия командасына тийип, алар жарышты 2 саат 29 минут 6 секунд менен жыйынтыктады.

Көздөн жаш атып, кыйкыра чуркап. Кыргызстандык танкачылардын чемпион болгон видеосу
Бүгүн биринчи дивизиондун финалдык эстафетасы болот. Танк биатлонундагы башкы кубок үчүн Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Россия ат салышат. Таймаш Москва сааты боюнча 15:30да (18:30 - Бишкек) башталат.

"Эстафета" — Танк биатлонунун күйөрмандарынын кан кызыткан жарышы. Регламент боюнча ар бир курама команданын үч экипажы кезектешип, бир танка менен трассадан өтүп, аны менен кошо 24 бутага атып тийгизип, 50 чакырымды арбытышы керек. Сөз кылып жаткан эстафетанын өзгөчөлүгү 400 метр аралыкта танка жүрүп баратканда бутаны капталдан атуу болуп эсептелет. Бул — эң кыйын тапшырмалардын бири. Быйыл "Танк биатлонуна" Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнөн 19 курама команда катышты.