Жылаңач сулуу, талкаланган тагдырлар. "Аномалия" фильминдеги ирмемдер

Sputnik

Мактап да, сындап да көрүшкөн. "Каныбек" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
КРдин эл артисти Геннадий Базаров сценарийин өзү жазып 1991-жылы жараткан эмгегинде наркологиялык диспансерде дарыланган кыз-келиндердин тагдыры, эскерүүлөрү менен коомдогу аракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту чагылдырган. Анда киночу өз канынан жаралган баласынан баш тарткан партиялык кызматкердин, таштандыга ымыркайын калтырып кеткен жаш келиндин окуясын чеберчилик менен көрсөткөн. 19 жылдан кийин баягы таштанды бала менен энеси наркологиялык диспансерде чогуу жашап калгандыгын көрүүгө болот.

Кинофильмдин маани-маңызы, көрүүчүлөргө айта турчу ою жөнүндө режиссёр Базаров буларды билдирди.

"Менин ал эмгегимдеги каармандар аракеч, кылмышкер, сойкулар. Мен алар аркылуу тегерегибизде эмне болуп жатканын көргөзгүм келген. Көйгөйлөрдү ашкере ачыктагам. Себеби биздин коом кайда бара жатканын, алдыда дагы кандай коркунучтар турганы боюнча коңгуроо каккым келген. 30 жыл мурун тартылганына карабай, андагы айтылган маселелер азыркыга чейин актуалдуу болууда", — деди Базаров.

"Аномалияда" ачык кадрларды да көрүүгө болот. Ал кинокартинада Гүлсара Ажыбекова, Айтурган Темирова, Советбек Жумадылов, Марат Алышпаев, Гүлшат Омарова, Эмиль Борончиев, Наталия Санжарова, Андрей Касьянов роль жараткан.

1 / 12
Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга калтырган эне. Ролдо актриса Гүлсара Ажыбекова
2 / 12
Наркологиялык диспансерде аракеч аял менен алышкан дарыгерлер. Тасма тартуу маалындагы ирмем
3 / 12
Коомдогу сойкулук, аракечтик Геннадий Базаровдун көзү менен
4 / 12
"Аномалияда" ошондой эле ачык кадрлар да бар
5 / 12
Таштанды талаасында иштеген киночулар. Камера артында оператор Хасан Кыдыралиев
6 / 12
Ленинград шаарында тасманын айрым бөлүктөрүн тартып жүргөн чыгармачыл топ. Ортодо режиссёр Геннадий Базаров
7 / 12
Жашоонун өйдө-ылдыйынан чарчаган аял. Кадрда чылым чегип отурган Гүлсара Ажыбекова
8 / 12
Багар-көрөр адамы жок, колдоого, мээримге муктаж жаш кыздын жашоо образы
9 / 12
Геннадий Базаров актёрлорго сценарийди түшүндүрүп жатат
10 / 12
Казакстандык актриса Гүлшат Омарова наркологиялык диспансерде
11 / 12
Белгилүү актриса Айтурган Темирова да аталган эмгекте образ жараткан
12 / 12
Актёр Эмил Борончиев ачык кадрлардын биринде