БАЭден келген компания күн электр станцияларына инвестиция салууга ниеттенүүдө

Бириккен Араб Эмиратынан келген делегация энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча Кыргызстандын дарамети жогору экенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бириккен Араб Эмиратынан келген MASDAR компаниясы Кыргызстанда күн электр станцияларынын курулушу үчүн инвестиция салууга кызыгып жатат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

БАЭден келген компания күн электр станцияларына инвестиция салууга ниеттенүүдө

Билдирмеге караганда, министрликтин жана энергокомпаниялардын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушкан. Анда энергетика тармагында кызматташуу маселеси талкууланып, кыргыз тарап өлкөдөгү ири долбоорлор боюнча маалымат берген.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БАЭ энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча Кыргызстандын дарамети жогору экенин айтып, MASDAR компаниясы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу үчүн инвестиция салууга кызыгып жатканын белгилешкен. Аталган компания Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станциясына 110 миң доллар инвестиция салган", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн энергетика министрлери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Эми тараптар документтин долбоорун даярдоо боюнча иш жүргүзө турганы кошумчаланды.