Бир метр аралыктан гол киргизе албай жер муштаган кореялык футболчу. Видео

Кызыктуу окуя Түштүк Корея менен Ирак командаларынын 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы беттешинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Футбол боюнча Түштүк Корея курама командасынын оюнчусу Ли Жэ Сон дарбазага бир метр жакын аралыктагы топту тээп киргизе албай калды. Видеону Азия футбол конфедерациясы (АФК) уюму Twitter баракчасына чыгарды. 

​Ли Жэ Сон курама командасы менен 2022-жылы Катарда өтүүчү Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо этабында Ирак командасы менен кез келген. Беттеш голсуз, тең эсеп менен аяктаган.