Афган жана Баткен согушунун ардагери Болот Мамбеталиевдин сөөгү жерге берилди

Отставкадагы полковник Афганистанда көрсөткөн каармандыгы үчүн эки Кызыл Жылдыз, Кызыл Туу жана Афганистандын Эл Достугу ордендери менен сыйланган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Афган жана Баткен согушунун ардагери, отставкадагы полковник, аскердик учкуч Болот Мамбеталиевдин сөөгү жерге берилди.

66 жаштагы ардагер 1-сентябрда жүрөк оорусунан улам көз жумган. Сөөгү Гроздь айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Болот Мамбеталиев Афганистанда көрсөткөн каармандыгы үчүн эки Кызыл Жылдыз, Кызыл Туу жана Афганистандын Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

Афганистан, сени эстесем жүрөк сыздайт... Кан кечкен согуш ардагерлеринин баяны
Ал 1972-жылы Фрунзе шаарындагы №36 орто мектепти аяктаган. Советтик армиянын Аба күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. Андан кийин 1974-жылдын жазында Балашов шаарындагы (Саратов облусу) жогорку аскердик учкучтарды даярдоочу окуу жайына өтүп, 1978-жылы учкуч-инженер квалификациясын алган. Бул аскердик окуу жайды бүткөн соң жетекчилик Алматы шаарындагы авиациялык полкко жиберген.

1980-жылы аны командачылык Афганистандагы согушка жөнөтөт. Кан майданда Мамбеталиев аскердик атайын авиациянын учкучу болгон. 1986-1987-жылдары кайрадан кан майданга катышкан. Афган согушунда 640 ирет учкан. Баш-аягы Афганистанда эки жыл салгылашкан.

1987-жылы 5-январда СССРдин Башкы аскердик чалгындоо башкармалыгынын чалгынчылары жана Мамбеталиевдин экипажы биргелешип АКШнын "Стингер" аттуу көтөрмө зениттик-ракеталык комплексин биринчилерден болуп Афганистандан жашыруун Ташкент шаарына жеткизген. 1988-жылы ноябрда Союзга келип, ГДРде кызматын уланткан.

1991-жылы Кыргызстанга кайтып, кыргыз авиациясын сактап калууга умтулган. 1999-жылы Баткендеги согушка да катышкан.

Мамбеталиев бир уул, бир кыздын атасы.

Болот Мамбеталиев жыл башында Sputnik агенттигине маек куруп, Афганистандагы аскердик кызматы тууралуу айтып берген.