Көптөн күткөн оюн! Кыргызстан — Палестина футбол беттешинен 16 сүрөт

Sputnik

Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашкан. Кыргызстандык футболчу Азим Азаров атаандаштарынын дарбазасына топ киргизип, эсеп 1:0 болду. Дал ушул эсеп оюндун аягына чейин сакталып, жыйынтыгында Кыргызстан жеңди.

Эми алар 7-сентябрда Бангладештин футболчулары менен беттешет. 5-сентябрда болсо Палестина менен Бангладеш футбол ойнойт. Бардык оюндарды Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө.

1 / 16
Кыргызстандыктар көптөн күткөн футбол ордо калаада 2-сентябрь кечки саат 20.30да башталды
2 / 16
Футбол сүйүүчүлөр Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго агылып келип, стадион көрүүчүгө жык толду
3 / 16
Оюнга даярдык учурунда спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудовдун сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды кийип жүрүшкөн
4 / 16
Акшумкарлар, алгырлар салт болуп калгандай кызыл түстөгү форма менен ойношту
5 / 16
ФИФАнын рейтингинде Палестина азыркы тапта 102-орунда, ал эми Кыргызстан 101-катарда
6 / 16
Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашкан
7 / 16
Кыргызстандык спортчулар оюнда активдүүлүгүн көрсөтүштү
8 / 16
Беттештин 26-мүнөтүндө Азим Азаров эсепти 1:0 кылып ачты
9 / 16
Палестиналыктар да айбатын көрсөтүп, эсеп жаңырганда жандуу ойноп баштады
10 / 16
Жолдоштук мелдеште эки команда тең активдүү болууга аракет кылды
11 / 16
Күйөрмандар футболчуларга дем-күч берип, алдыга сүрөп турушту
12 / 16
Гүлжигит Алыкулов аз жерден жаракат алып кала жаздады. Атаандаштары аны аңдып эле жүрүштү
13 / 16
Бишкекте көптөн бери мындай ири спорттук оюн өтө электиги келген элден байкалды
14 / 16
Бул ирет жеңиш Кыргызстан тарапта болду. Оюн 1:0 менен жыйынтыкталды
15 / 16
Эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-сентябрда Бангладештин футболчулары менен беттешет. 5-сентябрда болсо Палестина менен Бангладеш футбол ойнойт
16 / 16
Мелдеш аяктаган соң кыргызстандык футболчулар күйөрмандарга ыраазычылык билдирип, таазим этишти