Көздөн жаш атып, кыйкыра чуркап. Кыргызстандык танкачылардын чемпион болгон видеосу

Кыргызстандын аскерлери Подмосковьеде өткөн "Танк биатлонунда" чемпион болду. Курама команда финишке 2 саат 16 мүнөт 51 секундда келди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Танк биатлонунун 2-дивизионунда төрт команда ат салышкан. Мелдеште Кыргызстандын аскерлери чемпион болсо, экинчи орунда Тажикстан (2 саат 20 мүнөт 5 секунд), үчүнчүдө Мьянма (2 саат 28 мүнөт 9 секунд), төртүнчүдө Түштүк Осетия (2 саат 29 мүнөт 6 секунд) жайгашты.

Мындай жетишкендик Кыргызстандын курама командасын I дивизионго көтөрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.

"Танк биатлону — 2021" жарышында кыргызстандыктарга жеңиш алып келген аскерлер:

  • Ырысбек Шайып уулу — танканын командири;
  • Темирлан Алымбеков — багыттоочу оператор;
  • Искак Тыналы уулу — механик айдоочу. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын аскерлери I дивизиондо ат салышып келген. Бирок былтыр, 2020-жылы, акыркы орунду алып калып, II дивизионго түшүп калган.