Бишкектин камакта отурган вице-мэри кызматынан бошотулду

Сагындык уулу 23-июль күнү кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алган деп кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мындай буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Сагындык уулу шаар куруу, архитектура жана жер маселелери боюнча мэрдин орун басары болчу.

Эске салсак, мурдагы вице-мэр УКМК СИЗОсуна 27-сентябрга чейин камакка алынган.

Дашков көчөдө отурган видео: УКМК СИЗОсунун жетекчиси кызматтан алынды
Сагындык уулу 23-июль күнү кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

Атайын кызмат билдиргендей, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9 000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн.