Радио

Бакиров: өспүрүмдөр 17 жашында жүйөлүү себептер менен турмуш кура алат

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров өспүрүмдөр 16-17 жаштан тарта кандай укуктарга ээ болорун айтты.
Sputnik

17 жаштагы өспүрүм жеңил унаа айдоо үчүн айдоочунун күбөлүгүн алууга укуктуу. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: өспүрүмдөр 17 жашында жүйөлүү себептер менен турмуш кура алат

Анын айтымында, өспүрүм мотоцикл колдонуу үчүн айдоочунун күбөлүгүн 16 жашка толгондо ала алат.

"Өспүрүм 16 жашка толгондо кайсы бир мыйзамды бузса жазык жоопкерчилигине тартылат. Эреже катары өспүрүм менен ювеналдык сот адилеттиги ченеминде иш жүргүзөт. Ошондой эле ушул куракка толгондо Кыргыз Республикасынын паспортун алышы зарыл. Документтерден мотоцикл колдонуу үчүн айдоочулук күбөлүк дагы 16 жаш курактан тарта берилет. Ал эми жеңил унаа колдонуу үчүн айдоочулук документти өспүрүм 17 жаштан алууга укуктуу. Мындан тышкары, ушул курактагылар жүйөлүү себептер менен турмуш кура алат", — деди Бакиров.

Ошондой эле ал 17 жаштагы жигиттер аскердик эсепке катталуусу үчүн комиссиядан өтүп, тийиштүү күбөлүк алуусу зарыл экендигин кошумчалады.