Коңгуроо каккан тасма. "Акыркы көч" фильминин премьерасынан сүрөттөр

"Акыркы көч" кинотасмасы бир топ эл аралык кинофестивалдарга, сынактарга катышып, байгелерге татып жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Борбор калаада режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" кинотасмасынын бет ачары болду. Ага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Тасманын режиссёру Бакыт Мукул фильм аркылуу элге чыгармачыл адамдын жашоосун көрсөткүсү келгендигин айтып берди.

"Чыгармачыл адамдар коомго тарбия берип, элдин алдында жүргөн катмар. Бирок ошол эле учурда жашоодо экинчи планда кала берет. Адамдарды алдыга үндөп, тарбиялаганына карабастан аларды алдап, колдонуп кетишет. Башкы каармандын азыркы жашоосу ак-кара түскө боёлгонун фильмдин ак-кара түстө тартылгандыгы менен берели дегенбиз", — деди режиссёр.

Кинокартина 2-сентябрдан тарта өлкөнүн кинотеатрларында коюлуп, прокатка чыкмакчы.

"Акыркы көч" көптөгөн эл аралык сынактарга катышып, соңку ирет Дакка эл аралык кинофестивалда баш байгеге жана Куала-Лумпурда өткөн эл аралык кинофестивалда атайын сыйлыкка татыган.

"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда
Кинону Төлөмүш Океев атындагы "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду биргелешип тарткан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу сценарийдин автору жана режиссёрлору болсо, Эльнура Осмоналиева да продюсерлик кылып көмөктөшкөн. Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан. Кино Бишкек, Каракол шаарларында жана Түргөн жайлоосунда тартылды.

"Акыркы көчтө" улгайып калган белгилүү жазуучунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Анда социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын камкордукка алынбаган абалы баяндалган.