Сени менен жолугууга даярмын, сиңдим! Тыныбекова кичинекей балбан кызды издөөдө

Дүйнө чемпиону секелектин кармашын көрүп өзүнүн бала кезин эстегенин айтып, ага багыт берүүгө даяр экенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Таласта тестиер менен күрөшүп, жеңип алган кичинекей кыздын видеосун жарыялап, аны менен жолугууга даяр экенин Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Видео айыл жеринде тартылганы көрүнүп турат. Анда секелек кыз тестиер менен күрөшүп, баланы жерге жыгып, 5-6 жолу айлантып салган.

"Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм. Качан жана кайсыл жерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу сонун ыкма жасаган. Сиңдибиздин машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы? Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен спортко жаңыдан киришип баштаганда дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!" — деп жазган ал.

Ичтеги айтылбаган сезимдер, акыркы чечим. Айсулуу Тыныбекованын видеомаеги
Тыныбекова балбан кыз менен жолугууга даяр экенин айтып, билгендерден анын дарегин сураган.

"Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде дареги болсо кабар берип коюңуздарчы", — деген спортчу.

Дүйнө чемпионунун постунун алдына колдонуучулар кыздын кайда жашаарын жазышкан. Маалым болгондой, кичинекей балбандын аты Жасмина Арзыбаева. Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну.