Токтогулдагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метр болду. Расмий маалымат

Энергетиктер буга чейин күз-кыш мезгилиндеги жылытуу иштеринин башында суунун деңгээли 15 миллиард куб метрге жетиши керектигин айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард куб метрге жеткендигин "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эгемендүүлүк күнү суунун көлөмү 12 миллиард 1 миллион куб метрге жеткен, ал эми 1-сентябрда ал 12 миллиард 8 миллионго чыккан. Ведомствонун сайтында агып кирген суунун көлөмү орто эсеп менен алганда секундасына 340 куб метр, ал эми агып чыкканы 262 куб метр экени айтылды.

Эске салсак, суу сактагычта эң көп дегенде 19,5 миллиард, ал эми азайып кеткенде эң аз 5,5 миллиард куб метр суу болушу керек.

Токтогул ГЭСи — Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр станциясы. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгып, энергетикалык негизги таяныч болуп эсептелет. Жылытуу маалынын машакатсыз өтүшү аталган суу сактагычтагы суунун көлөмүнө байланыштуу.

Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстандагы эң ири Токтогул гидроэлектр станциясы 12 жылда салынып бүткөн. Күн сайын ишке 2 500дөй адам чыгып, жумушчулар төрт мезгил бою күнү-түнү эмгектенген. Анын бийиктиги 215 метр, туурасы 292,5 метр болгон плотинасына эле үч миллион куб метрден ашык бетон жумшалган. Мындан сырткары, жумушчулар үчүн атайын шаарча салынып, жыл сайын 30 миллиондой рубль бөлүнгөн (55 миллион доллар).

Ал эми ГЭСтин суу сактагычынын алдында 25тей кыштак, бир кыш завод, бир аэропорт жана миңдеген гектар айдоо аянты калган. Кылымдын курулушу электр жарыгын гана өндүрүп тим болбостон, коңшу Казакстан менен Өзбекстандын сугат жерлерин суу менен камсыздайт.