Кыргызстан жарандыгын 227 киши алды. Жапаров жарлыкка кол койду

Кыргызстандын жарандыгынан 180 киши чыкса, алардын 30у балдар экени айтылды. Ал эми жарандык алгандардын көбү этникалык кыргыздар.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан жарандыгынан чыгаруу жана кабыл алуу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

30 жылдын олуттуу сабактары. Моюндагы аманаттын өтөсүнө кантип жетебиз?
Кыргызстандын калкынын саны эми 227 кишиге көбөйдү, тагыраагы, жарандык 179 чоң кишиге жана 48 балага берилген. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми Кыргызстандын жарандыгынан 180 киши чыкса, алардын 150сү чоңдор, ал эми 30у балдар экени айтылды.

Жарандык алган жана андан чыккандар туурасында толук тизме менен бул шилтемеден таанышууга болот.