"Коопсуз шаар — 2". Кыргызстандын төрт шаарына камера орнотулду

Камералар Бишкектин 16 кесилишинде, Оштун 11 кесилишинде, Токмоктун алты кесилишинде, Канттын бир кесилишинде жайгашты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы төрт шаардын көчө кесилиштерине "Коопсуз шаардын" камералары орнотулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Бишкек жана Токмокко "Коопсуз шаардын" камералары орнотулууда. Даректери
Маалыматка караганда, "Г" түрүндөгү түркүктөрдүн ар бирине үчтөн камера орнотулган. Алар эреже бузулганын каттап, фотофиксация жасайт, үчүнчүсү жолдо эмне болуп жатканын тартып, көрсөтүп турат.

Жалпы жонунан 34 түркүккө камералар орнотулган. Алар Бишкектин 16 кесилишинде, Оштун 11 кесилишинде, Токмоктун алты кесилишинде, Канттын бир кесилишинде жайгашты.

Комплекстер күнү-түнү иштейт.