Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштады. Видео

Эл өкүлдөрү каникулга 30-июнда кеткен. Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов 5-30-июль аралыгында ЖКнын кезектеги сессиясын чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары жайкы тыныгуудан кийин алгачкы сессиясына чогулушту.

Жыйын Кыргыз Респуликасынын гимни менен башталды.

ЖК депутаттарын жаңы эреже менен шайлоо. Жапаров мыйзамга кол койду
Эске салсак, депутаттар каникулга 30-июнда кеткен. Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов Баш мыйзамдын 83-беренесине жана КРдин Жогорку Кеңешинин регламентинин 34-беренесине таянып, 5-30-июль аралыгында ЖКнын кезектеги сессиясын чакырган. Ага Конституциянын өзгөрүшү менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абал себепкер болгон. 29-июлда депутаттар келип түшкөн мыйзамдарды, Баш мыйзамды кабыл алып, кайрадан эс алууга кеткен.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 28-ноябрга белгиленди.