Терезелер талкаланып, кыз ыргып кеткен. Казакстандагы жарылуунун жаңы кадрлары

Кадрдан алгач айлана жарык болуп кеткенин, андан соң терезелер талкаланып, столдо отурган кыздын ыргып кеткенин көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жамбыл облусундагы аскер кампасында болгон жарылуу учурундагы видео жарыяланды. Кадрлар кафеден жана башка объектилерден тартылган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Видеодон алгач айлана жарык болуп кеткенин, андан соң терезелер талкаланып, столдо отурган кыздын ыргып кеткенин көрүүгө болот. Ал эми башка жактардан тартылган кадрга жарылуу толкунунан тосмолор кыймылдаганы түшүп калган.

Видеону AIBAT маалымат агенттиги жарыялап, аны аскер бөлүккө жакын жайгашкан кафе ээси бергенин жазган.

Тараздагы жарылуу болгон кампаларда 500 тоннадан ашуун тротил сакталып турган
Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Мындан улам бийлик жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн.

Кырсыктын кесепетинен 15 адам каза болуп, 90 киши жаракат алган.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев ал окуядан кийин кызматын тапшыруу чечимин кабыл алгандыгын билдирген.