ЖККУнун башкы катчысы Бишкекке иш сапары менен келет

ЖККУнун башкы катчысынын иш сапары үч күнгө созулат. КРдин Тышкы иштер министрлиги иш сапардын максатын ачыктады.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Еврокеңештин башчысы Жапаровду Брюсселде чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтты
Жумушчу сапар 31-августтан 2-сентябрга чейин уланат. Зась өлкөнүн жогорку саясий жана аскер жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенүүдө.

ЖККУнун башкы катчысы 15-16-сентябрда Душанбе шаарында боло турган уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана тышкы иштер министрлеринин, Коргоо министрликтеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына даярдыктарды талкуулайт. Ал ошондой эле аталган уюмдун жоопкерчиликтүү аймагындагы өлкөлөрдөгү кырдаал тууралуу маалымат берет.