Дарыгер: майлуу шорпо ден соолукту талкалайт

Ар кандай оору-сыркоо же операциядан кийин ден соолукту калыбына келтирүү үчүн шорподон өтөрү жок. Бирок дарыгердин айтымында, уй жана тооктун майлуу шорпосун күн сайын ичүү ден соолукка зыян келтириши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Майлуу шорпону көп ичкен адамдардын жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелдиги жогорулайт. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде диетолог Андрей Бобровский айтып берди.

Дарыгердин пикиринде, ар кандай оору-сыркоо же операциядан кийин ден соолукту калыбына келтирүү үчүн шорподон өтөрү жок. Бирок уй жана тооктун майлуу шорпосун күн сайын ичүү ден соолукка зыян келтириши мүмкүн.

“Малдын майы атеросклероз, жүрөк кемтиги, инфаркт, инсульт сыяктуу жүрөк-кан тамыр ооруларын чакырат. Анткени майлар тамырларга туруп калып кан айланууну начарлатат”, — деди адис.

Мындан тышкары, малдын майы өнөкөт ооруларды козгой турганы кошумчаланды.