Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 4,5 миллиондон ашты

Жон Хопкинс университети каза болгондордун жалпы санын статистиканын жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде эсептеп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 4,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу РИА Новости Жон Хопкинс университетине шилтеме кылып жазды.

COVID курсактагы түйүлдүккө кандай кесепетин тийгизет? Жаңы иликтөө
Аталган окуу жай расмий маалыматтарды жана ачык маалымат булагындагы статистикаларды карап эсептеген. Ага ылайык, 30-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 06.05ке карата жер бетинде COVID-19дан жалпы 4 миллион 500 миң 135 адам кайтыш болгон. Ал эми ооругандар 216,3 миллиондон ашкан.

Көз жумгандардын эң көбү АКШда катталган (637 миңден ашык).