Бишкекте № 5 троллейбустун каттай турган жолу убактылуу өзгөрдү

Бишкектин түштүк тарабындагы жолдордун биринин тилкеси убактылуу жабылгандыктан коомдук транспорттун маршруту өзгөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү убактылуу жабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

"Бишкек троллейбус башкармалыгынан № 5 троллейбустун каттай турган жолу убактылуу өзгөрө тургандыгын билдиришти", — деп кабарлады муниципалитеттен.

Шаар бийлиги калаа тургандарына ыңгайсыз жараткандыгы үчүн кечирим сурады.