5 күн манас айтат! Дөөлөт Сыдыков өзгөчө талап менен Москвага учуп кетти

Сыдыков былтыркы жылдын ноябрь айында "Ала-Тоо" аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт тынбай манас айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык беш сутка манас айтуу үчүн Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу аны коштоп бара жаткан жакындары билдирип, аэропортто тартылган видеону жарыялашты.

Буга чейин манасчы өзүнүн Facebook баракчасына Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн манас айтары тууралуу жазган.

Дөөлөт Сыдыков: аянтта манас айтууга бир күн калганда тамакты токтоттум
Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөтмөкчү.

Эске салсак, Сыдыков былтыркы жылдын ноябрь айында "Ала-Тоо" аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт тынбай манас айткан. Бул иш-чаранын максаты — элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана узак убакытка тынбай манас айтууну Гиннестин рекорддор китебине каттатуу болчу. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен.