Милиция Ысык-Көлдө жүргөн пакистандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сүрөт

Ысык-Көлдүн аймагында жүргөн пакистандыктар өзгөчө муктаждык болбогон учурда мейманканалардан жана пансионаттардан чыкпашы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районунун милициясы чет элдик, анын ичинде пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облус милициясынын маалымат кызматынан билдирди.

"Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери Кыргызстан аркылуу транзит менен Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына жумушка бара жаткан чет мамлекеттик, анын ичинде Пакистандын жарандары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тартип сакчылары аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскертип жатат. Мындан тышкары, мейманканалардан же пансионаттардан муктаждыксыз чыкпоого чакырууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай эскертүүлөр Бишкек шаарында жүргөн пакистандыктарга дагы берилген. Эске салсак, социалдык тармактарда көчөдө Пакистандын жарандары көбөйгөнү тууралуу маалыматтар тараган. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги алар мындан ары Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына иштөө үчүн бара жаткан жарандар деп түшүндүргөн.

Милициядан кошумчалагандай, Ысык-Көл аймагында жүргөн учурда кандайдыр бир маселе жаралса чет элдиктер туристтик милициясынын Call-борборуна 0705 009102 номери аркылуу кайрылып, англис же орус тилдеринде жооп алса болот.