Бишкек — Ош жолундагы үрөй учурган кырсыкта 2 киши көз жумду. Сүрөттөр

Окуя жолдун 280-чакырымында, тагыраагы, Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол айылында болгон. Honda Stepwgn автоунаасы Volvo жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда автоунаалар кагышып, кесепетинде эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.

Окуя жолдун 280-чакырымында, тагыраагы, Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол айылында болгон. Honda Stepwgn автоунаасы Volvo жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн.

41 жана 25 жаштагы эки киши каза болуп, дагы алтоо ар кандай жаракаттарды алган.

Жеринде ӨКМдин беш куткаруучусу иштеп, маркумдардын сөөгү өлүкканага жеткирилген.